AVN







ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ

ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ
 Dec 25, 2020  839

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинде Кыргыз тили секциясы тарабынан уюштурулган XXI кылымдын феномени эсептелген залкар жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата «Аалам алпы-Айтматов» аттуу иш чара ЖАКтын 1-2-курстарынын студенттери арасында кырдаалга байланыштуу “zoom” тиркемесинин жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулуп өткөрүлдү. Бул иш чаранын жүрүшүндө колледждин директору п.и.к., доцент Турдубаева Бариса  ачып берип, Ч.Айтматовдун чыгармаларынын түбөлүктүүлүгүн баса белгиледи.  «Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин» – дегендей, кыргыз улутунун касиеттүүлүгүн бүтүндөй ааламга тааныткан залкар жазуучу Ч.Айтматовдун урматына арналган сынакта ЖАКтын бардык адистиктеги студенттери өздөрү жазган автордук ырларды, жазуучунун чыгармаларынан монологдорду көркөм айтуу менен бирге видеороликтерди даярдашты жана жандуу үн менен созолонто ырдашып, таланттарын тартуулашты.

Сынактын негизги максаты улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду даңктоо  жана даңазалоо, анын чыгармачылыгын студенттер арасында жайылтуу, көркөм адабий чыгармаларды окууга үндөө,студенттердин жеке чыгармачылык иш-аракеттерин өстүрүү, өз алдынча иштей билүүсүн өркүндөтүү. Ч.Айтматовдун чыгармаларын окуу аркылуу китепти сүйүүгө , туура багыт тандоого, мекенчилдикке тарбиялоо, чыгармадагы каармандар менен тааныш болуу менен бирге оң жана терс сапаттарды ажырата билүүгө жана өзүндө он сапаттарды өстүрүүгө көнүктүрүү болуп саналат. Жазуучунун өмүр жолун, анын чыгармаларын студенттер аралыктан окутуу учурунда канчалык деңгээлде өздөштүргөндүктөрүн  практика жүзүндө көрсөтүп берүү менен чыгармаларында бүтүндөй бир нукуралык, эл турмушунан алынган накталык, жөнөкөй карапайым журттун мүнөзүнө таандык бир өзгөчөлүктөр бар экендигин ачып беришти. Таланттуу студенттер өз өнөрлөрүн  мыкты чеберчилик менен жогорку деңгээлде аткарышты.

 Жыйынтыгында Г.Мамырасулова, Н.Исраилова,Ү.Кайкиевалардын калыстыгы менен “Эң мыкты автордук  ыр”, ”Мыкты көркөм окуу”, “Мыкты монолог айтуу”  “Мыкты аткаруучу”,  “Эң мыкты видеоролик” номинациялары ыйгарылды.

Негизи, Ч.Айтматовдун эмгектери чалкып жаткан океан сымал. Студенттер  жазуучунун чыгармаларынын бир гана тамчысын чагылдырып беришти. Иш чараны уюштурууда А.Ажикулова,  ,У.Абдуллаева, Э.Маткаримовалар жооптуу болушту.

  • ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ
  • ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ
  • ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ
  • ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ
  • ААЛАМ АЛПЫ-АЙТМАТОВ