AVN







АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ

АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ
 Dec 14, 2017  1122

ЖАМУнун чоң жыйындар залында  9 – декабрда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын утурулаган илимий –практикалык конференция өткөрүлдү.  Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин  илимий иштер боюнча проректору, ф-и.д.,профессор Курманбек Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер күбө болушту.                            

Конференция филолог.и.к., доцент Кыргыз, дүйнөлүк элдер адабияты жана журналистика кафедрасынын башчысы Дилбар Чокоеванын демилгеси аркылуу  кафедранын жамааты менен биргеликте уюштурулган.

Алгач залкар жазуучу Ч.Т.Айтматов жеткен бийиктиктер тууралуу кеңири сөз айтылып, филолог.и.к., доцент Д.М.Чокоева «Адам тагдыры жана келечеги Ч.Айтматовдун көркөм тажрыйбасынын контексинде» - деген аталышта көрмө - сабак өттү.

Андан кийин профессор окутуучулар тарабынан төмөндөгүдөй илимий баяндамалар жасалды.

ф.и.д.профессор И.Абдувалиев «Ч.Айтматовдун тилиби же котормочунун тилиби?».  ф.и.к.доц., Д.М.Чокоева. «Айтматов ким?» билдирүү

ф.и.к.доц., А.Кадырова «Ч.Айтматовдун чыгармаларында мифтик сюжеттин колдонулушу»  ага окутуучу А .Д .Доранова «Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы толеранттуулук маселелери» окутуучу Н.Т.Акыев «Ч.Айтматовдун «Кыямат» романындагы адеп ыйман маселелери (адам жана айбан тагдырынын аналогиясы)»

Уюштуруучалдын билдирүүсүндө улуу жазуучу Ч. Айтматовдун ар бир чыгармасы жашоодон алынгандыктан, тарбиялык мааниге бай. Андыктан бүгүнкү илимий конференцияда жасалган баяндамалардан  катышуучу эргүү алып, өзүнө тарбия берүүчү маалымат алышат деген максатта иш чара уюшулганын билдиришти.

Конференциянын соңунда  Ч.Т.Айтматовдун чыгармаларында берилген баалуулуктарды элге жеткирүү максатында жазуучунун туулган күнүнө карата иш чараларды жылда өткөрүүнү салтка айлантуу боюнча Резолюция кабыл алынды.

  • АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ
  • АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ
  • АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ
  • АЙТМАТОВДУН 90 ЖЫЛДЫГЫН УТУРЛАГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛДУ