AVN







КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ

КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
 Dec 25, 2020  878

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик  университетинин   Табигый-техникалык факультетинин  «Химия» кафедрасында Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата  «Кылым адамы- Чыңгыз Айтматов» аталышындагы  жалпы студенттердин катышуусунда  куратордук саат болуп өттү.

Куратордук саатты  химия кафедрасынын тарбиялык иштер боюнча жооптуу, улук окутуучусы М.Э.Сатканкулова  модераторлук кылып, ачып берүү үчүн кафедра башчысы Н.Б. Арстанбековага  сөз берди.

Кафедра башчысы  өз сөзүндө Чыңгыз Айтматов  кыргыз элин бүткүл дүйнөгө тааныткан  жазуучу экендигин, анын чыгармалары бир эле кыргыз тилинде эмес бир канча  чет тилдерге которулгандыгын айтып, Айтматовдун чыгармалары түбөлүктүү экендигине токтолду.

Андан кийин 3- курстун студенти Абдыманапов Акбар, Чыңгыз Айтматов  жөнүндө кызыктуу баяндама жасады. Студенттер баяндамачыга  суроолорду беришип, жоопторду ала алышты.

2-курстун студенти Абдималик кызы Сонунай, 1-курстун студенти Айбек Рахманкулов, Чыңгыз Айтматовдун өмүр баяны, жазган чыгармалары, алган сыйлыктары боюнча даярдаган  баяндамаларын презентациялашты.

Айтматовго арналган иш чаралар мындан ары да улантыла  бермекчи.

  • КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
  • КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
  • КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
  • КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ
  • КЫЛЫМ АДАМЫ ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВ