AVN







ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
 Dec 25, 2020  553

Жалал-Абад колледжинин экономикалык-юридикалык бөлүмүнүн салык салуу адистигинин  ССк-2-18,ССк-2-19 тайпасынын студенттери жана окутуучулар З.Ахмедова,К.Айдарова ,ЖАКтын өндүрүштүк  окуу  иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкиева менен биргеликте Жалал-Абад шаардык  салык  башкармалыгын персоналдык окуу боюнча сектор башчысы М.Тайлаков менен  офлайн форматта жолугушуу өткөрүлдү.Мында М.Тайлаков салык салуу башкармалагынын структурасы,бөлүмдөрү  жана секторлор жөнүндө  кеңири маалыматтарды берди.Андан   сырткары,салык салууу оъбектиси,киреше салыгы,КРнын салык кодекси аны колдонуу тууралуу  айтып  берди.Жалал-Абад шаардык салык башкармалыгы структурасы,бөлүмдөр,секторлордун иш-аракети,бирдиктүү терезеге толук түрдө өткөндүгу,кардарларды тейлөөдө онлайн (аралыктан) жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча да маалыматтар берилди.Пандемия учурунда да салык кызматкерлери өз  ишин токтотпостон,мамлекттин бюджетине өз учурунда салык төлөп турушканын баса белгилеп айтты.

Студенттер салык кызматынын максаттары,милдеттери,мамлекеттик салык кызматынын функциялары,салык кызматынын укуктары,мамлекеттик салык кызматынын тарыхы,кошумча нарк салыгынын өзгөчөлүгү  жөнүндө суроолорду беришти жана жоопторду ала алышты.

2020-2021-окуу жылынын 19-октябрдан 28-ноябрга чейин ССк-2-18 тайпасынын студенттери өндүрүштүк практикада болушкан,бул башкармалыкта практика өтөгөн студенттердин иш –аракеттерин өзгөчө бөлүп көрсөтө алды.

Офлайн режимде өткөрүлгөн жолугушууда студенттер салык башкармылыгы жана алардын жүргүзгөн иштери жөнүндө көп маалыматтарды ала алышты.Буйруса,мындай жолгушуулар   мындан ары да болоорун жана кеңири форматта  уюштурула тургандыгы да айтылды.

  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ
  • ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ