AVN







Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы

Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы
 Dec 23, 2020  571

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин табийгый-техникалыкбөлүмүнүнтигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү технологиясы,автоматташтырылган системаларды жана эсептөө техникалык тейлөө жана программаларын камсыздоо,электр  менен камсыздоо(тармактары боюнча),электр станциялары(тармактар), өзгөчө кырдаалдарда  коргонуу, автомобилдерди оңдоо жана тейлөө жана ветеринария  адистиктеринин студенттери үчүн   өндүрүштүк  практикасынын жыйынтыктоочу  конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom”тиркемесинин жардамы менен аралыктан(онлайн)   уюштурулду.Аралыктан өткөрүлгөн конференциягаБ.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси  Ч.бабакулова, Жалал-Абад колледжинин  окуу өндүрүштүк иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т.Кайкыева,ЖАКтын практика жанан карьера бөлүмүнүн башчысы М.С.Осмонова,табийгый-техникалык бөлүмүнүн башчысы А.А.Кочкорбаев,автоматташтырылган системалар жана математика  ПЦКсынын практика жетекчиси Б.Маманова,энергетика жана физика ПЦКсынын башчысы С.Шаимкулова,өзгөчө кырдаалдар да коргонуу жана ТОиРАТ ПЦКсынын башчысы А.Эшбаев,тигүү буюмдарын конструкциялоо ПЦКсынын башчысы К.Мырзабаева,ветеринария жана табийгый илимдер

ПЦКсынын башчысы А.Жумабеков жана адистиктер боюнча жооптуу  болгон практика жетекчилери катышышты.

Студенттер өндүрүштүк практика учурунда теориялык алган билимдерин практика менен айкалыштырып,ар бир жуманын жыйынтыгында телеграмм группаларда аткарган иштери жөнүндө жетекчилерин кабардар кылып турушкан.Жыйынтыгында,ар бир студент өзү бөлүнгөн  мекеме-ишканаларда өндурүштүк практикаларын толук өтөшүп,ал жерден үйрөнгөн иш-аракеттерин слайд,видеолор  даярдашып,презентациялар жасап,отчет беришти.

Конференциянын жүрүшүндө   практика жетекчилери студенттерге практикада жетишкен ийгиликтер,кетирилген кемчиликтер жана студенттер үчун даярдалган  жол карта боюнча иштердин аткарылышы боюнча суроолор беришти.Айрым студенттер  өндүрүштүк практика учурунда мекеме жетекчилеринен ыраазычылык каттар менен келгендиги,студенттердин практиканы мыкты өтөгөндүгүнөн кабар берди.

Мындан сырткары ар бир адистик боюнча практика жетекчилери студенттердин өндүрүштүк практика учурундагы кетирген кемчиликтери,жетишкен ийгиликтери боюнча өз ойлорун айтышты.

Жыйынтыгында, ар бир практика жетекчилери студенттер менен практика учурунда тыгыз иш алып барышып,кеп- кеңештерин айта тургандыгыныны негизинде өндүрүштүк практикабыз толук өтүлүп,жыйынтыгында ар бир жооптуу практика жетекчиси студенттерди баалашты.

  • Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы
  • Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы
  • Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы
  • Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы
  • Табийгый-техникалык бөлүмдөгү адистиктердин жыйынтыктоочу конференциясы