AVN







МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ
 Dec 22, 2020  528

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, ЖОЖдордогу мамлекеттик тил боюнча проректор, мамлекеттик тил боюнча кафедра башчылары, мамлекеттик тил боюнча адистерге жана эне тили, экинчи тил жана чет тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоорун  иштеп чыгуу боюнча онлайн тегерек стол болуп, ага университеттин СИ жана МТ боюнча проректору А.Д.Доранова катышты.

Тегерек столдо жогоруда аталган долбоорду талкуулоода төмөнкү маселелер каралды:

  • Мамлекеттик тил жана окуудан тышкаркы иштер боюнча проректордун ишмердүүлүгүндөгү негизги талаптар;
  • Мамлекеттик тил кафедра башчысына сунушталган талаптардын долбоору;
  • Мамлекеттик тил боюнча адистерге жана мамлекеттик тилди чет тили катары окуткан окутуучулар үчүн сунушталган квалификациялык талаптардын долбоору;
  • Мамлекеттик тил боюнча адистерге жана мамлекеттик тилди экинчи тил катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоору;
  • Кыргыз тили жана адабиятын эне тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптар;
  • Кыргыз Республикасындагы жогорку окуу жайларында кыргыз тили жана адабиятын эне тили катары окуткан окутуучулар үчүн квалификациялык талаптардын долбоору деген пункттар боюнча масмелелер каралып сунуштар берилди.

Окуу жайлардын жогорудагы долбоорду талкуулоого,  кошумча сунуштарды берүүгө (белгиленген мөөнөттө ) укугу бар  жана милдеттүү.

  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ
  • МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ТЕГЕРЕК СТОЛ