AVN







ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА
 Dec 21, 2020  580

Жалал-Абад колледжи «Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иш» ПЦКсынын Социалдык иш адистигинин студенттерине өндүрүштүк практикасынын жыйынтыктоочу аралыктан (онлайн) конференциясы болуп өттү.

Конференцияга өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары У.Т.Кайкыева, МЧББ жана СИ ПЦКсы А.А.Ташматова жана практика жетекчиси Н.Сатымкуловалар катышышты.

Анда негизинен практика учурундагы студенттердин аткарган иштери боюнча отчету угулду. Ошондой эле практика учурундагы алгылыктуу иштери, социалдык көйгөйлөр жана башка маселелер кеңири каралды. Өлкөдөгү болуп жаткан кырдаалга карабастан калктын аярлуу катмары менен иш алып барып жаткан адистер менен биргеликте аткарган иштери боюнча ар бир студент презентацияларын жасады.

Мыкты практика өтөгөн айрым студенттер ыраазычылык кат алышса, кээ бир студенттер окуу жайын аяктагандан соң жумушка орношуу боюнча да сунуш алып кайтышкан.

  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА
  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКА