AVN







ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ

ЖАМУНУН ЖАШТАРЫ ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ
 Dec 14, 2017  902

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 13-декабрь күнү «жаштар экстремизмге жана терроризмге каршы” аталышындагы тренинг жолугушуу болду. Аны Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы Эл аралык толлеранттуулук уюму менен биргеликте уюштуруп, ага ЖАМУнун 100 студенти, Жалал-Абад шаардык медицина колледжи, Эл аралык экономика жана ишкердик университетинин студенттери  жана мектеп окуучулары катышышты.

КРнын Ички иштер башкармалыгынын өкүлү Эрлан Бакиев радикалдуу диний багыттар боюнча маалыматтарды берип, экстремизмге жана терроризмге жол бербөөгө жаштарды чакырып өттү. Андан сырткары “Ислам мамлекети” террористтик уюму “ИГИЛ” кайдан чыкканы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында ИГИЛ 2006-жылы 15-октябрда түзүлүп, дүйнө жүзүндө көптөгөн мамлекеттер тарабынан террористтик уюм катары тыюу салынган. Алар өзүлөрүнө “Ислам мамлекети” деген атты ыйгарып алышкан. Бирок, Ислам менен эч байланышы болбогон бул террористтик уюм миңдеген адамдардын өмүрүн кыюуу менен материалдык жана моралдык жактан көптөгөн зыяндарды алып келүүдө деп билдирди Э. Бакиев.

ЖАМУнун социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректору Айгүл Доранова сөз сүйлөп, жаштарды билим алууга жана туура жолдо жүрүүгө үндөдү. Ошондой эле аларды толлеренттуулукка чакырып, дин боюнча туура түшүнүктөрдү алып, ар кандай агымдарга азгырылбоону айтты. 

Андан сырткары Усенбаев Асан ажы Жалал-Абад шаардык казыятынын өкүлү студенттерге салттуу дин боюнча маалымат берип өттү.

Ошондой эле уюштуруучулар тарабынан буга чейин студенттер арасында “Жаштар экстремизмге жана терроризмге” каршы темасынын алкагында эссе жазуу жарыяланган. Аталган сынактын жыйынтыгы бүгүн чыгарылып, мыкты эссе жазган студенттерге баалуу белектер ыйгарылды.