AVN

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ СТУДЕНТЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН

ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ СТУДЕНТЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН
 Dec 21, 2020  32818

           Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата медициналык колледжинде кураторлор жана студенттер арасында бир айлык иш-чаралар өткөрүлүп, жыйынтыгы чыгарылды.

Иш-чаралар 18-ноябрдан  18-декабрга чейин уюшулуп, онлайн форматта  өткөрүлдү. Иш-чара Чынгыз Айтматовдун  көрөгөчтүгүн, айкөлдүгүн, чыгармаларындагы башкы каармандары тарыхый инсандар эмес, карапайым адамдар экендигин, адам жана жаныбар, согуш темасы, географиялык чексиздиги, миф жана реалдык жашоо, сүйүү темасы, адеп-ахлак темасы же кең-дүйнө экологиясы, эки тилде жазган залкар жазуучу, Кыргыздын жан дүйнөсүн ачып берген Айтматов дүйнөсүн даңазалоо максатында өткөрүлдү. Башкача айтканда кыргыз адабияты гана эмес... кыргыз театры, кыргыз өнөрү, опера жана балет өнөрү, хореография, живопись, көркөм сүрөт өнөрү, музыка, скульптура,  деги эле улуу жазуучунун чыгармаларынан таасир албаган бир да өнөр тармагы, бир да инсан  калбады. Улуттук кино дүйнөдө “Кыргыз керемети” даражасына ээ болду. Чынгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде  эле 20 дан ашык көркөм фильм тартылды. Улуу таланттар Т.Океев, Б.Шамшиев, С.Чокморов, С.Күмүшалиева, Б.Кыдыкеева, К.Молдобасанов, Д.Садырбаев жана башка таланттар эң ириде Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу бийиктикке чыгышты. Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу улуттук маданият менен искусствобуз жалпы дүйнөлүк деңгээлге көтөрүлдү. Чынгыз Айтматов ар бир окутуучунун, ар бир студенттин жүрөгүндө жашаш керек. Иш-чарага кураторлор, студенттер активдүү катышышты. Кураторлор тарабынан залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармалары жөнүндө куратордук сабактар ZOOM, ватсап аркылуу  өтүлүп, видеороликтер жасалып, фейзбук, ютуб, инстаграм сайттарына жүктөлдү.

Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата студенттер арасында “Чынгыз Айтматовдун чыгармалары студентердин көзү менен” аталышындагы сүрөт сынагы өткөрүлдү.  Уюштуруучулар: Тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитетинин төрагасы Рахман уулу Бекболот.  Студенттердин калемине таандык  жалпы 25 сүрөт тартылып, онлайн жөнөтүлдү. Жаштар комитети сүрөт конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. 1-орунду Лд-1-17 тайпасынын студенти Жумабай уулу Байжигит ээ болду. 2-орунга Фарм-3-20 тайпасынын студенти Ташиева Барчынай, Акматова Айжан, Лд-1-20 тайпасынын студенти Абдуманап кызы Динара, Фарм-2-20 тайпасынын студенти Сабыркулова Сезимай,  3-орунга Фарм-3-20 тайпасы Кыргызалиева Бурмайым, Сд-2-20 тайпасынан Курбаналиева Кымбатай, Фарм-4-20 тайпасынан Абдурахманова Шаира, Фарм-3-20 тайпасынан Акматова Айжан, Женишбаева Бурмайым,  Фарм-2-20 тайпасынан Бегалы кызы Айзирек, Эсенгелдиева Аида, Фарм-1-20 тайпасынан Чотуева Сезим, Фарм-4-18 тайпасынан Темирбек кызы Жылдыз, Фарм-2-20 тайпасынан Керимкулова Жылдыздар ээ болушту. Сүрөт конкурсуна активдүү катышкан студенттер медициналык колледжинин дпипломдору менен сыйланышты.

  • ЧЫНГЫЗ АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ СТУДЕНТЕРДИН КӨЗҮ МЕНЕН