AVN







НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР

НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
 Dec 19, 2020  597

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М Ниязалиев атындагы "Философия жана гуманитардык илимдер" кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы жыл сайын салттык түрдө өткөрүлүүчү "Ниязалиевдик окуулар" алкагындагы  "Ааламдашуу шартындагы илимдин ролу" аталышында Эл аралык илимий-практикалык онлайн конференция өткөрдү.

Конференцияга Словакия Братиславадан п.и.д., профессор, гуманитардык илимдер магистры, философия илимдеринин доктору Ева Сметанова, Казакстандан А. Байтурсунов атындагы КРУнун философия кафедрасынын доценти Д.А.Качеев, Россиянын Алтай мамлекеттик университетинин илимий кызматкери, Эл аралык иштердин башкы адиси Р.Т.Элеманова ошондой эле Кыргызстандагы түштүк философиялык коомдун төрайымы, ОшМУнун профессору ф.и.д. Э.К.Шарипова жана Кыргызстандагы окуу жайлардын окумуштуулары, изденүүчү аспиранттары, магистранттары, студенттери катышты.

Эл аралык конференция төрт саатка созулуп, суроо-жооптор, кызуу талкуулар, илимий сунуш-пикирлер, эскерүүлөр менен коштолду. Конференциянын жыйынтыгында конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлгөндүгү катышуучу окумуштуулар тарабынан бааланып, жыл сайын 12-декабрда салттык түрдө өткөрүлүп келе жаткан илимий иш-чараны андан ары өнүктүрүү, чет өлкөлүк жана өлкөбүздөгү илимпоздор менен кызматташууну күчөтүү, жаштарды илимге тартууну жогорулатуу , Ш.М. Ниязалиевдин илимий эмгектерин анализдөө жана коомчулукка жеткирүү аракетин колго алуу сунушу менен жыйынтыкталды.

  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР