AVN

Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүндөгү рефлекциялык конференциялар

Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүндөгү  рефлекциялык  конференциялар
 Dec 19, 2020  633

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин педагогикалык жана социалдык иштер  бөлүмүнүн “Башталгыч  класстарда окутуу”,”чет тили” жана кытай тили  адистигининБКМб-01-19,БКМк-01-19,БКМк-02-19,БКМк-03-19,БКМб-2-18,БКМб-3-18,БКМк-2-18,БКМк-3-18,БКМк-4-18,АТк-01-19,АТк-2-18,АТк-3-18,КТк-2-18 тайпаларынын студенттери үчүн   педагогикалык практикасынын  рефлекциялык конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom”тиркемесинин жардамы менен аралыктан(онлайн)   уюштурулду.Аралыктан өткөрүлгөн конференциягаБ.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин  өндүрүштүк практика   иштери боюнча директордун орун басары Ү.Т Кайкыева,педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы К.П.Салибаева,педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын башчысы С.А.Тобокелова,чет тили жана орус тили ПЦКсынын практика жетекчиси А.Бостонова,ошондой   ар бир адистик боюнча практика  жетекчилери жана педагогикалык практикага чыккан студенттер  катышты.

Кырдаалга байланыштуу айрым мектептерде салттуу(офлайн),ал эми кээ бир мектептерде  сабактар аралыктан (онлайн) болуп жаткандыгына байланыштуу,студенттер практиканын жүрүшүндөгү пайда болгон суроолор,кемчиликтер,сабак өтүүдөгү айрым мүчүлүштүктөр,жетишкендиктер,

практика жетекчилери менен тыгыз иш алып баруулары,сабактар боюнча видео сабактарды даярдоолору боюнча кеңири талкуулашты.Мындан сырткары,айрым студенттер  практика жетекчилерине суроолор менен кайрылышты жана  тиешелүү жоопторду ала алышты

Конференциянын жүрүшүндө   практика жетекчилери өздөрүнө бөлүнгөн студенттер менен да жекече иш алып барып жатышкандыктарын,телеграмм группаларды түзүшүп,тиешелүү усулдук жардамдарды берип жатышкандыгын айтышып,конференциянын жүрүшундө да  суроолорго жооп берип жатышты.Жыйынтыгында, ар бир адистик боюнча практика жетекчилери студенттер менен практика учурунда тыгыз иш алып барып,усулдук кеңештерин айтып,жардам берип жаткандарын жана салттуу(офлайн) сабак болуп жаткан мектептерге барып студенттердин сабактарына катыша тургандыктарын айтышты.Рефлекциялык конференция-студенттер үчүн усулдук жактан  көп жардам бере алды деген жыйынтыкка келдик.

  • Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүндөгү  рефлекциялык  конференциялар