AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 19, 2020  532

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономикалык-юридикалык факультетинин жалпы профессордук окутуучулар курамы 3-декабрь «Майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө» карата “Биз биргебиз” аттуу кайрымдуулук акциясын  Жалал-Абад  шаарындагы  мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ооруканасына барып,  балдар менен жолугушуп, ата-эне мээримине зар болгон балдар менен жакындан баарлашып, аз да болсо өз мээримдерибизди төгүп анан белектерибизди берип кайттык дейт аталган факультеттин деканы Айнура Аскарова.

Балдардын сүйүнүчүнө биз да,  тарбиялап жаткан тарбиячылар да  кубанышты. Ал жерде эмгектенип жаткан психолог Матазимова  Гүлзат ал жерде жалпы 95 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланып жатышканын, алар 5 тайпага бөлүнөөрүн жана алардын жашоо  шарттары жана тарбиялануучу балдардын кол өнөрчүлүктөрү менен да тааныштырды. Тарбиячылар  ыраазычылыктарын билдиришти.

Жалпы күнүмдүк керектелүүчү памперс, кол чачык, байпак жана ич кийимдерди тапшырылды.

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ