AVN







АДАМГА АДАМ КЫМБАТ БОЛУШ КЕРЕК!

АДАМГА АДАМ КЫМБАТ БОЛУШ КЕРЕК!
 Dec 19, 2020  721

Кайрымдуулуктун декадасынын алкагында Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн ЭСк-2-19 тайпасынын студенттери,  ата-энелери жана окутуучулары биргеликте кайрымдуулук акциясын өткөрүштү.

“Студенттер менен куратордук саатты өтүү учурунда адамзаттын кайталангыс баалуулуктары менен инсандын асыл сапаттары туралуу талкуу жүрдү. Ошол учурда балдарыбыз коомубузда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар пандемия шартында башынан оор күндөрдү кечирип жатканын айтышып аз да болсо колдоо көрсөтүү парзыбызды аткаралы деген бүтүмгө келишти. Кайрымдуулук  жаштардан болуп жатса биз да сыртта калбайлы деп ата-энелер менен окутуучулар да колдоп беришти. Мен ушундай демилгени жаштар көтөргөнүнө кубанып турам”, -дейт куратору Рабия Эгембердиева. Студенттер, ата-энелер жана окутуучулар тарабынан чогулган акча каржаты менен материалдык  ресуртар  “Данакер” майыптар коомуна тапшырылды.

 “Данакер” коомубуздун алдындагы кичи тигүү цехи аркылуу аз да болсо киреше табып өз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечип келебиз, ал эми сиздер берген каражаттар ошол киреше булагын көбөйтүүгө сарпталмакчы жана баарыбыздын атыбыздан студент балдарыбызга, алардын ата-энелерине жана эжеке-агайларына терең ыраазычылыкты билдиремин. Коомубуздун мүчөлөрү бүгүнкү күндө жалгыз эмес, алардын да укуктары жана милдеттери баарыдыгыныкындай  эле тең  экендигин көрсөтүп жатканынар бизге дем-күч берет. Сиздер бизге келген жалгыз атуулдарыбыздан болдунуздар! Ар бир коомдун мүчөлөрүнүн бактылуулугунун барометри алардын ыйманындадыр, андагы адамдардын ар биринин баалуулугундадыр, андыктан ар бирибиз биргеликте, ынтымакта жана бири-бирибизге болгон ишенимде алга жылалы! Баарыңарды Жараткан колдосун...”, - дейт коомдун жетекчиси Тарыхчиева Айжамал.

  • АДАМГА АДАМ КЫМБАТ БОЛУШ КЕРЕК!