AVN







СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ

СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ
 Dec 18, 2020  499

Жалал-Абад колледжинин “Автоматташтырылган системалар жана математика”  ПЦКсынын “Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо” адистигинин ПОВТАСк-2-19, ПОВТАСк-01-20, ПОВТАСк-2-20, ПОВТАСк-3-20,  тайпаларынын кураторлору бүткүл дүйнөлүк СПИДке  каршы күнүнө карата “СПИД жугуштуу илдет” деген темада куратордук саат өтүштү.

Сабакта,өсүп келе жаткан жаш муунга СПИД акыры өлүмгө алып бара турган жаман илдет экендигин, ВИЧ менен СПИДдин айырмасын, анын жугуу жолдорун  жана кантип бул илдеттен сактануу керек экендги айтылды.

Дистанттык окутууда сабактарды өтүү менен биргеликте куратордук сааттар да  Zoom, Jitsi meet платформаларында үзгүлтүккө учурабай куратордук иш пландын негизинде видеороликтер, слайддар менен онлайн форматында өтүлүүдө. Сабакка, бөлүм башчы А. Кочкорбаев, ПЦК башчысы Д. Калдарова жана адистиктин мугалимдери катышты.

  • СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ
  • СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ
  • СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ
  • СПИД АКЫРЫ ӨЛҮМГӨ АЛЫП БАРАТ