AVN







БИОЛОГДОРДОН ЖАРДАМ

БИОЛОГДОРДОН ЖАРДАМ
 Dec 18, 2020  511

Майыптарды коргоонун  эл аралыккүнүнө карата Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасынын окутуучулары Жалал-Абад шаарындагы Балдардын психо-неврологиялык социалдык стационарына барып, балдардан кабар алышты.

Биология кафедрасынын окутуучулар курамы  балдарга жана аларга кам көргөн тарбиячыларга 4000 сомдук материалдык жардам көрсөтүштү. “Биздин жалпы максатыбыз – буюрса мындан  ары дагы аларга ар тараптуу колдоолорду көрсөтүп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар өздөрүн биздин өлкөнүн дени сак жарандары катары  сезүүсүнө жардам берүү”- дейт кафедранын окутуучулары.

  • БИОЛОГДОРДОН ЖАРДАМ
  • БИОЛОГДОРДОН ЖАРДАМ
  • БИОЛОГДОРДОН ЖАРДАМ