AVN







КОНФЕРЕНЦИЯ

КОНФЕРЕНЦИЯ
 Dec 17, 2020  577

Жалла-Абад колледжинин  Чет тили адистигинин Атк-01-19, Атк-2-18, Атк-3-18 жана КТк-01-19 тайпаларынын студенттери 6 жумалык педагогикалык практикасын Жалал-Абад шаардык жана Жалал-Абад областык мектептеринде онлайн жана офлайн форматында өтөп жатышат. Студенттердин педагогикалык практикасынын жүрүшүнүн абалы жөнүндө атайын рефлекция конференция уюштурулду. Конференцияда студенттердин 3 жума аралыгында жүргүзүп жаткан иштеринин аралык отчеттору угулду.

  • практиканын рефлекция конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom” тиркемесинин жардамы менен аралыктан (онлайн) уюштурулду. Аралыктан өткөрүлгөн конференцияга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абадколледжинин өндүрүштүк практика иштери боюнча директордун орун басары КайкыеваҮ.Т., педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы СалибаеваК.П, Чет тилдер жана орус тили ПЦКсынын башчысы Баймырзаева Б.М. жана практика жетекчилери жана студенттер катышты.

Практиканын жүрүшү боюнча өзүнүн ойлору менен Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык лицей мектебиндеги практиканттар: Дарбанова Айгеримдин, Усенова Кызбурактын, Замирбекова Самаранын жана Ныязова Назминин, практика мезгилинде жүргүзүп жаткан иштери жана көйгөйлөрү угулуп, суроо- жооптор менен талкуугаалынды. Рефлекциялык конференцияда онлайн практиканын жүрүшү, андагы алгылыктуу жумуштар, окуучулар менен болгон кайтарым байланыштарды, көйгөйлүү маселелерди ортого салышып, анын чечүүнүн жолдору боюнча өз сунуштарын практика жетекчилери: Бостонова Айнура, Женалиева Замира, Айылчиева Назгул жана Малабекова Сонунгулдөр өз сөзүндө айтышты.

Ушундай аралык рефлекция конференциясы практика жетекчилери тарабынан, тайпаларга бөлүнүү менен кезектешип өткөрүп турушмакчы. Студенттер педагогикалык жөндөмдүулүктөрүнүн жетишкен жана кемчилик жактарын байкай алышты. Алар рефлекция конференциясынын жыйынтыгында, практика учурунда теориялык билимдерин практикада колдонуп жатышкандыгын баса белгилешти.

  • КОНФЕРЕНЦИЯ
  • КОНФЕРЕНЦИЯ
  • КОНФЕРЕНЦИЯ
  • КОНФЕРЕНЦИЯ