AVN







“СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”

“СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”
 Dec 16, 2020  705

Жалал-Абад шаардык мэриясы, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан жарыяланган  “10-декабрь  Адам укуктарын коргоо күнүнө”  карата медициналык колледжинде  кураторлор жана студенттер арасында куратордук сабактар уюштурулду.

1-2-3-курсттардын студенттери  “Сен укугуңду билесиңби?” деген  темада  куратордук сабактарды  онлайн өтүштү.   Куратордук сабактар 10-декабрь–Бүткүл дүйнөлүк адам  укугун  коргоо күнү Парижде 1948-жылы 10-декабрда Адам укугунун жалпы декларациясы кабыл алынганы жөнүндө, Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгондон бери адам укугу боюнча   ар бир жарандын рассасына, жынысына, тилине жана эркиндигине карабастан бирдей экенин, бири-биринин  укугун  коргоо, студенттердин укуктарын, милдеттерин толук билүү  максатында уюштурулуп өткөрүлдү.  

Куратордук сабактарга видеороликтер жасалып, фейзбук, ютуб, истанграм сайттарына жүктөлдү.  Кураторлор арасында жакшы өткөн кураторлордун, тайпалардын аты белгиленди. Алар: Фарм-2-20 тайпасы куратору Бакалаева Лайликан, Фарм-3-18 тайпасы куратору Сайдазимова Барно, Фарм-3-19 тайпасы куратору Жоошбаева Жылдыз, Фарм-1-18 тайпасы куратору Бекболотова Элнура, Фарм-2-19, Фарм-4-20 тайпаларынын куратору Казакова Рапия, Сд-2-20 тайпасынын куратору Болотова Динара, Сд-1-20 тайпасынын куратору  Садрбек кызы Элизат, Сд-1-19 тайпасы Юсупова Чолпонай, Фарм-3-20 тайпасынын куратору Нарынова Айпери, Лд-1-18 тайпасы куратору Мамасадыкова Айганыш.

  • “СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”
  • “СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”
  • “СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”
  • “СЕН УКУГУНДУ БИЛЕСИҢБИ?”