AVN







«Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»

«Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
 Dec 16, 2020  812

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекттик университетинин Жалал-Абад колледжинин  Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн, “Чет тилдер жана орус тили” ПЦКсында, заманыбыздын залкар жазуучусу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата,      «Ч. Айтматов дүйнөсүнө саякат»  аттуу иш- чара  аралыктан (онлайн) өткөрүлдү.  

Мында “Чет тилдер жана орус тили” ПЦКсынын 1- курсунун жана 2-курсунун тайпаларынын студенттери катышты. ЖАКтын окуу иштери боюнча директордун  орун басары МаматумаровАбубакир  иш –чараны ачыпберип сөз сүйлөп, студенттерди Айтматовдун чыгармалары менен тарбияланып, аны окуп, жан дүйнөсүнө жакын кабыл алуусуна чакырды.

Иш-чаранын  жүрүшүндө Айтматовго арналган ырлар окулуп, монологдор айтылып, обондуу ырлар ырдалып, слайддар көрсөтүлдү.

Ал классик деген сөздөр жарашты,

Ысымы дагы Шекспирге жанашты.                                              

Кыргыз эмес бүткүл аадам ичинде,-

Айтматовдой ким образ жаратты?!

Ишчаранын уюштуруучулары: НазгулАйылчиева, Замира Женалиева жана Элнура Шабаева, Айтматовдун чыгармаларынан кызыктуу фактыларды баяндашып, суроолорду беришти.  Студенттер активдүү катышып, мындан ары мындай ишчаралар байма-бай уюштурулуп туруусун каалашып, Айтматовдун ааламына дагы бир жолу саякат жасап, эскерип алышты.

  • «Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
  • «Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
  • «Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
  • «Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»
  • «Ч. АЙТМАТОВ ДҮЙНӨСҮНӨ САЯКАТ»