AVN







АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Dec 15, 2020  492

10 декабрь-Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө  карата Экономикалык-юридикалык факультетинин  Юриспруденция адистигинин профессордук-окутуулар курамы тарабынан тегерек стол уюштурулду.

Тегерек столго КРнын  Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева,  башка жогорку окуу жайлардын  окутуучулары катышты.

Катышуучулар жарандардын укуктары канчалык деңгээлде корголуп жатканы жөнүндө  жана ар бир адам өз укугун коргой алабы деген талкуунун айланасында өз ойлорун ортого салышты.

10 декабрь-Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынган күнүнө  карата КРнын  Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан  сынак жарыяланган. Жарыяланган сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталып,   дипломдор  ыйгарылды.

  • АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • АДАМ УКУКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ