AVN







Г-1-17 тайпасынынКЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Г-1-17 тайпасынынКЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Dec 15, 2020  475

Табигый-илимий билим берүү багытынын География профилинин студенттери  19-октябрдан 10 жумалык кесиптик-профилдик практикасын Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад областынын мектептеринде  онлайн форматында өтөп келишүүдө.

Студенттердин кесиптик-профилдик практикасынын жүрүшүнүн абалы жөнүндө14-декабрда  География кафедрасында атайын  конференция уюштурулду.  Конференцияда студенттердин бир жарым ай аралыгында жүргүзүп жаткан иштеринин аралык отчеттору угулду.

Конференцияга аталган тайпанын студенттери,  География кафедрасынын окутуучулары, Өндүрүштүк практика бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева катышышып,  онлайн практиканын жүрүшү, андагы алгылыктуу жумуштар,  окуучулар менен  болгон кайтарым байланыштарды, көйгөйлүү маселелерди ортого салышып, анын чечүүнүн жолдору боюнча өз сунуштарын айтышты.

Айрыкча практиканын жүрүшү боюнча өзүнүн ойлору менен Жала-Абад шаарындагы Р.Санабаев атындагы №9 иновациялык гимназия мектебиндепрактикасын өтөп жүргөн Алиева Айнусканын жана №19 гимназия мектебиндепрактикасын өтөп жүргөнМаратова Мираиданын практика мезгилинде жүргүзүп жаткан иштеринин отчеттору угулуп, суроо- жооптор менен талкууга алынды.

  • Г-1-17 тайпасынынКЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ
  • Г-1-17 тайпасынынКЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ