AVN

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ
 Dec 15, 2020  479

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Табигый-техникалык бөлүмүнүн ПОВТАС-01-19, БАС-2-18, БАС-3-18 тайпаларынын студенттери 2020-жылдын 19-октябрынан 28-ноябрь убакыт аралыгында 6 жумалык өндүрүштүк практикасын өтөп келишти.

Студенттердин өндүрүштүк практиканын жыйынтыктоочу отчеттук онлайн видео-конференциясы Zoom платформасында болуп өттү. Конференцияда студенттер практика учурунда аткарган жумуштары, өндүрүштөгү жетишкен ийгиликтери, туш болгон кыйынчылыктары жөнүндө кенен айтып беришип, сунуштарын  билдире кетишти.

Айта кетсек, ПОВТАС-01-19 тайпасынын студенттери Ильязова Мээримге, Бапыбаева Бурулга, Курбаналиева Жамилага практика өтөгөн ишкананын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилген, БАСк-3-18 тайпасынын студенттери Абдыракманов Нурболотко жана Хамракулова Нуризага практика өтөгөн ишкананын жетекчилиги тарабынан ыраазычылык билдирилген видео жолдомо жөнөтүшкөн.

Конференцияга ЖАМУнун практика бөлүмүнун жетекчиси Бабакулова Чынара, колледждин өндүрүштүк окуу боюнча директордун орун басары Кайкиева Үлпат эжекелер жана “Автоматташтырылган системалар жана математика” ПЦКсынын окутуучулары катышты.

  • ӨНДҮРҮШТҮК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ