AVN







АДАМ УКУГУНУН УРМАТЫ УЛУУ

АДАМ УКУГУНУН УРМАТЫ УЛУУ
 Dec 12, 2017  975

ЖАМУнун Экономикалык-юридикалык факултетинин «Юриспруденция» адистиги тарабынан «Адам укугунун урматы улуу» аталышынагы студенттик илимий конференция болду. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий иштер боюнча проректору Курманбек Алыбаев, социалдык иштер жана мамлекеттик тил боюнча проректор Айгүл Доранова, шаардык соттун төрайымы, аталган адистиктин окутуучулары жана студенттери катышышты.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө атлаган конференция “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын” кабыл алынган күнүнө карата уюшулган.

Илимий конференцияда адам укугу туурасында ар түрдүү талкуулап ортого салынса, студенттер кызыктырган суроолоруна жооп ала алышты.

Ал эми шаардык соттун төраймы Э. Сулайманова сөз сүйлөп, соттор арасында ар кандай реформалар жүргүзүлүп, жыл өткөн сайын жакшы натыйжа берип жатат. Эң негизгиси адилеттүү сот жүрүп, адам укуктары корголуп жатат деген оюн кошумчалады.