AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 14, 2020  580

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 “Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык  күнүн жыл сайын өткөрүү  жөнүндөгү”  токтомун турмушка  ашыруу үчүн кабыл алынган  Жалал-Абад областындагы  ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2013-жылдын 21-мартындагы №188-б буйругун ишке ашыруу максатында медициналык колледжинин окутуучулары жана студенттери арасында бир айлык иш-чаралар жарыяланып, жыйынтыгы чыгарылды. Иш-чаралар медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева тарабынан уюшулуп, иш-чарага активдүү катышкан окутуучулардын, кураторлордун, тайпалардын аттары баса белгиленди    3-декабрь “Майыптарды коргоонун Эл аралык күнүнө” карата  кураторлор тарабынан куратордук сабактар өтүлүп, видеороликтер жасалды.   Куратордук сабактар  студенттерди  мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жакшы мамиле кылууга, аларды  сыйлоого, урматтоого, аларга жардам берүүгө тарбиялоо максатында өткөрүлдү.  Куратордук сабактар онлайн түрүндө ZOOM, ватсап сайттары аркылуу өтүлдү, жасалган видеороликтер Фейзбукка, Ютубка, Инстаграмга жүктөлүп жатты.

 3-декабрь “Майыптарды коргоонун Эл аралык күңүнө” карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин “Биз биргебиз” аттуу акциясына медициналык колледжинин окутуучулар жамааты сыртта калбай өз салымдарыны  кошушту. “Асыл Ай коомдук бирикмеси” жана "Бирдиктүү-багыт майыптар коомдук бирикмелер ассоциациясынын мүчөлөрүнөн  5 мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга азык түлүк (нан, гүрүч, макарон, гречка, кум шекер, сгущенка, сметана, чай, печенье, халва, ак май, ун, эт, картошка, пияз, байпак, алма жана турмуш тиричиликке колдонулуучу каражаттар) жардам берилди.

  1. Көк Арт кичи районунун 32 домдун 32 батиринин жашоочусу Капарбеков Искендер Акыловичке медициналык колледжинен Эгембердиева Алтынай, Чымбердиева Гүлүмкан, Дыйканов Кыялбектер даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.
  2. Тайгара айылынын Дадан Баев көчөсүнүн №98 үйүнүн жашоочусу Баев Кылычбек Бараталиевичке  медициналык колледжинен Темирбаева Гүлнар, Балываева Шахноза, Аширбеков Мухамадякуб, Самидинова Луизалар даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.
  3. Тайгара айылынын Чапкынды жолундагы Ботакараев көчөсүнүн жашоочусу Акимбеков Мырзага медициналык колледжинен Темирбаева Гүлнар, Самидинова Луиза, Балываева Шахноза, Аширбеков Мухамедякубтар даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.
  4. Сымкат айылынын Мураталиев көчөсүнүн №73 үйүнүн жашоочусу Маданбеков Бекейге медициналык колледжинен Термечикова Сейилкан, Насипова Алтынай, Юсупова Чолпонайлар даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.
  5. Винсовхоз айылынын 1-көчөсүнүн №3 үйүнүн жашоочусу Мадалиева Раяхан Төрөбековна  медициналык колледжинен Алимбаева Гүлбара, Калматова Замиралар даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.
  6. Тайгара айылынын Чапкынды жолундагы Ботакараев көчөсүнүн жашоочулары  Акимбекова Фатимага медициналык колледжинен Темирбаева Гүлнар, Сатарова Айнура, Аширбеков Мухамедякубтар даярдалган азык түлүктөрдү жеткирип беришти.

Мүмкүнчүлүгү чектелген инсандар жардам колун сунган жалпы жамаатка өз ыраазычылыктарыны билдиришти. “Сен бирди берсең Аллахым сага миңди берет” дегендей ар бир адам мүмкүнчүлүгү чектелген инсандарга жыл сайын жардам берип турушубуз керек. Биз дайыма алар менен биргебиз.

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ