AVN







КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ

КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ
 Dec 14, 2020  506

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде дүйнөгө белгилүү улуу жазуучу Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата “Кыргыз кылган кыргызды, эскеребиз Чыңгызды”аттуу онлайн адабий музыкалык иш-чара маданий-эстетикалык борборунун адистери тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

Иш-чараны СИ жана МТ проректору А.Д.Доранова  ачып берди. Ага окутуучу Шерикбаев Амангелди “Ч.Айтматов ааламынын ааламдаштыруу процессиндеги орду” аталыштагы баяндамасын жасады. Кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучусу Нуржан Жалилова “Мамлекеттик тил жана Ч.Айтматов” аталыштагы баяндамасын жасады.

Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин студенттери тарабынан даярдалган  Ч.Айтматовго арналган көркөм окуулар жана ошондой эле обондуу ырлардан “Ильяздын ыры”, “Ыссык-Көлдү сагынуу” чыгармалары аткарылып, “Саманчынын жолу” чыгармасынан Майсалбектин катынан үзүндү айтылды.

  • КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ
  • КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ
  • КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ
  • КЫРГЫЗ КЫЛГАН КЫРГЫЗДЫ, ЭСКЕРЕБИЗ ЧЫҢГЫЗДЫ