AVN

«УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН» 3-КУБОГУ ҮЧҮН ТАЙМАШ ӨТКӨРҮЛДҮ

«УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН» 3-КУБОГУ ҮЧҮН ТАЙМАШ  ӨТКӨРҮЛДҮ
 Dec 8, 2017  1079

Бүгүн 2017-жылдын 8-декабрында Жалал-Абад мамлекеттик университетинин алдындагы Конфуций институтунун жаңы имаратынын ачылуу аземи жана Кытай Эл Республикасынын "Улуу Жибек жолунун" 3-кубогу үчүн Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча билим сынагы өткөрүлдү.

Салтанатты ЖАМУнун ректору, техника илимдеринин доктору, профессор Кеңешбек Усенов өзү ачып, бир жыл мурдагы институттун ачылышындагы урунттуу учурларды эске салып, Синьцзянь университети менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ортосундагы жакшы келишимдин негизинде түзүлгөн бул окуу жай аймактагы тил үйрөнүүнү каалаган жаштар үчүн көрүлгөн жакшы шарттардын бири болгондугун баса белгиледи.

Иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Оштогу башкы консулу Сунг Ли Чун мырза келип, куттуктоо сөзүн айтып, Конфуций институту аркылуу эки элдин достук алакаларын өнүктүрүү керектигин айтып, “Улуу Жибек жолу” 3-кубогу боюнча сынакка демөөрчүлүк көрсөттү.

Ош областынан, Баткен областынан келген коноктор, Кытай фирмаларынын жетекчилери, Жалал-Абад областтык администрациясынан, мэриядан келген өкүлдөр, ЖАМУнун проректорлору, директорлору Конфуций институтуна ийгиликтерди каалашты

Кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттерди моралдык жана материалдык жактан колдоо, эки элдин достугун мындан ары да бекемдөө максатында өткөрүлгөн билим сынагына ОшМУдан, Баткен областынан, Жалал-Абад шаарынан, ЖАМУдан кытай тилин үйрөнүп жаткан студенттер, жалпысынан 20 студент катышып, мыкты даярдыкта келгендер орундарга ээ болуп, балуу белектер менен сыйланышты:

1-орунду ОшМУнун алдындагы Конфуций институтунун студенти Н.Исмаилов, К.Тойгонбаев, Узак уулу Мирландар утуп алышып, ноутбук менен сыйланышты. 2-орунду ОшМУдан Абдыкалы у. Өмүрбек, Кенжегулов Аллаберди, ЖАМУдан М.Абдраимов ээлешсе, 3-орунду ОшМУдан М.Мадраимова, ЖАМУдан Ж, Кубанычбекова, Пайзидин уулу Бекболоттор алышып,  компьютер, кол телефондор менен сыйланышты.

Келген коноктор сынактын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы, катышуучулардын аракетине калыс баа берилгендиги үчүн сынакты өткөргөн ЖАМУнун Конфуций институтунун жамаатына ыраазылыгын билдирип кайтышты.

  • «УЛУУ ЖИБЕК ЖОЛУНУН» 3-КУБОГУ ҮЧҮН ТАЙМАШ  ӨТКӨРҮЛДҮ