AVN







АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР БЕЛГИЛЕНДИ

АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР БЕЛГИЛЕНДИ
 Dec 10, 2020  506

НААР Эл аралык көз карандысыз агенттиги тарабынан өткөрүлгөн аккредитациянын жыйынтыгы жана тышкы эксперттик комиссиянын сунуштарынын негизинде иш чараларды бекитүү жөнүндө ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин химия, биология,география кафедраларынын кеңейтилген жыйыны болуп өттү.

Жыйынга Табигый-техникалык факультетинин деканы, кафедра башчылары жана профессордук-окутуучулук курам катышышты. Кеңейтилген жыйында программанын жетекчиси Н.Б.Арстанбекова  тарабынан аккредитациянын жыйынтыгы боюнча билдирүү берилди. Жыйындын катышуучулары аккредитациянын жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришип,  тышкы эксперттик комиссиянын ар  бир сунуштарынын негизинде иш чараларды белгилешип, талкууга алышты, ошону менен бирге жооптууларды, аткаруу мөөнөттөрүн аныкташты.

  • АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР БЕЛГИЛЕНДИ
  • АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР БЕЛГИЛЕНДИ
  • АТКАРЫЛУУЧУ ИШ ЧАРАЛАР БЕЛГИЛЕНДИ