AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 9, 2020  459

Жалал-Абад колледжинин  “Мектепке чейинки билим берүү жана социалдык иштер” ПЦКсы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2012-жылдын 10-апрелиндеги   №237 “Кыргыз Республикасындагы балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун Эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү   жөнүндөгү”  токтомун турмушка ашыруу максатында кабыл алынган  Жалал-Абад областындагы ыйгарым  укуктуу өкүлүнүн  21.03.2013ж. №188-буйругун ишке ашырууда  

3-декабрь-майыптарды коргоонун  Эл аралык күнүнө карата 15-ноябрдан 15-декабрга чейин  “Биз биргебиз” аттуу акциясынын алкагында социалдык колдоо көрсөтүштү.   

         ЖАКтын МЧББ жана социалдык иш ПЦКсы А.А.Ташматованын  жетекчилиги астында жалпы окутуучулар курамы менен биргеликте Жалал-Абад шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгында каттоодо турган ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга  жардам көрсөтүү максатында  5000 (беш миң) сом өлчөмүндөгү  күндөлүк керектелүүчү  азык-түлүктөр жана гигиеналык  каражаттарды  жардам иретинде 1-2-топтогу ДМЧАга  колдоо көрсөтүп келишти. Андагы ДМЧАдын ата-энелери терең ыраазычылыктарын билдиришип, жакшы каалоо-тилек жана баталарын берип узатышты.

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ