AVN







ХИМИЯНЫН ЖАНА ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ

ХИМИЯНЫН ЖАНА ХИМИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯНЫН КӨЙГӨЙЛӨРҮ
 Dec 8, 2017  1214

ЖАМУнун Табигый-техникалык факультетинин «Химия» кафедрасынын окутуучулары Эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышып келишти. ОшМУда Кыргызстанга белгилүү химик, химия илимдеринин доктору, профессор КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, Илим жана техника жаатында мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Алтыбаева Дилбара Тойчуеванын 70 жылдык маарекесине арналган «Химиянын жана химиялык технологиянын азыркы кездеги к. Табият таануунун жана гуманитардык илимдердин актуалдуу көйгөйлөрү» аттуу Эл аралык илимий практикалык конференция  болуп  өттү.

Пленардык жыйында  УИА нын академиги, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,х.и.д., профессор Б.М.Мурзубраимовдун “ Кыргызстандагы химия илиминин азыркы абалы жана өнүгүү перспективалары”, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер,б.и.д.,профессор Б.К.Каримованын “Состояние и перспективы исследования микроводорослей гидроэкосистем  Кыргызстана”  , г.и.д.,профессор , КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер К.Матикеевдин “Кыргыздардын тарыхый географиясынын жогорку окуу жайларында окутуунун проблемалары” темаларындагы жасаган  илимий баяндамалары конференциянын катышуучулары тарабынан кызыгууларды пайда кылды.

Конференциянын жүрүшүндө тогуз секция иштеп, анда докладдар окулуп жана талкууланып, аягында конференциянын  катышуучулары тарабынан резолюция кабыл алынып, ошону менен конференция өз ишин жыйынтыктады.

Конференциянын ишине ЖАМУнун биология кафедрасынын профессору Т.К.Аманкулова, химия кафедрасынын  доценти Н.Б.Арстанбекова, ага окутуучу Н.С.Жолдошалиева жана  Н.А.Маматураимовалар  катышып келишти.