AVN







КОНОК ЛЕКЦИЯ

КОНОК ЛЕКЦИЯ
 Dec 7, 2020  548

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасынын 3-4-курстарынын студенттерине Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин Англистика жана Эл аралык маданий байланыш кафедрасынын улук окутуучусу Гулнара Ахунова англис тилин окутуунун усулу сабагынан онлайн аркылуу конок лекция өтүп берди.

Сабак "4MAT lesson planning"  "Song's in English classes " деген темаларда болду. Студенттер сабакка активдүү катышып, сабактын аягында коногубузга кызыккан суроолдорду беришти.

Башка окуу жайлардын профессордук-окутуучулар жамааты менен тыгыз байланышта болуп, алар менен тажрыйба алмашуу максатында аталган конок лекция уюштурулган – дейт – жогорудагы кафедранын башчысы Айша Калмуратова.

  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ
  • КОНОК ЛЕКЦИЯ