AVN







БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?

БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
 Dec 7, 2020  779

Жалал-Абад  областынын администрациясынын 2020-жылдын 29-октябрындагы №223 токтомун  аткаруу максатында  1-декабрь Бүткүл дүйнөлүк  СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата  кураторлор жана студенттер арасында “Дени соо адам – табияттын асыл баа чыгармасы”   аталышындагы  бир айлык иш-чаралар өткөрүлдү.

Иш-чараны өткөрүүнүн  максаты: Студенттерге 21-кылымдын чумасы болгон СПИД жана ВИЧтин   кандай жолдор менен жугаарын, ал оорудан кантип сактануунун, алдын алуунун  жолдорун  кеңири түшүндүрүп, ар бир адам өзү үчүн, өзүнүн келечеги үчүн ден- соолукта болуп, келечекте коомго өз салымын кошууга тарбиялоо.

ВИЧ деген эмне? , оору жөнүндө айтсак көп адамдар ВИЧ менен СПИД оорусун бир оору деп эсептешет, бирок ал андай эмес. Ким ооруп калышы мүмкүн  жана жуктуруп албоо үчүн кандай чараларды көрүү зарыл?  ВИЧ –орус аббревиатурасынан келип,  “вирус имуннодефицита человека”  деп чечмеленет,  кыргызчасы “адамдын имуннодефицит вирусу” (АИВ). Бул вирус адамдын иммунитетин зыянга учуратып, СПИД оорусун пайда кылат. Натыйжада адам иммунитети түрдүү ооруларга туруштук бере албай калат. СПИД деген эмне? чечмелениши “синдром приобретенного иммуно дефицита”, кыргызчасы “кабылданган иммун жетишсиздик синдрому” (КИЖС).Айыкпас оорулардын бири  бул ВИЧ/СПИД оорусу, бул дарт көп жылдардан бери жер планетасынын чоң көйгөйү болуп, даарысы бүгүнкүгө чейин жок. Ар бир адам өзү үчүн, өзүнүн келечеги үчүн сактануу керек.

Иш-чарада  1-курсттар “СПИД жугуштуу илдет”, 2-курсттар  “Биз жаштар СПИДке каршыбыз” , 3-4-курсттар “Бул жашоонун маңызы эмнеде” деген темаларда  куратордук ачык сабактарды ZOOM, ватсап   аркылуу онлайн түрүндө өтүшүп,  видеороликтерди  Фейзбук, Истанграм, Ютуб сайттарына  жүктөлдү. Иш-чараны медициналык колледжинин тарбия иштер боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева тарабынан уюшулуп, 5-декабрда жыйынтыгы чыгарылды.

Кураторлор жана студенттер активдүү катышышты. Эң мыкты катышкан тайпалар жана кураторлор: Фарм-4-20, Фарм-2-19 тайпалары, куратору Казакова Рапия, Фарм-4-19 тайпасы куратору Алимбаева Гүлбара, Фарм-1-18 тайпасы куратору Бекболотова Элнура, Лд-1-18 тайпасы куратору Мамасадыкова Айганыш,  Сд-2-20тайпасы Болотова Динаралар болушту.

  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?
  • БУЛ ЖАШООНУН МАҢЫЗЫ ЭМНЕДЕ?