AVN







“МАНАС МЕНЕН УЛУУБУЗ”

“МАНАС МЕНЕН УЛУУБУЗ”
 Dec 4, 2020  569

2020-жылдын 4-декабрь“Манас күнүн” белгилөөнүн алкагында,  университеттин  маданий-эстетикалык борборунун адистери тарабынан даярдалган “Манас менен улуубуз” аталыштагы онлайн конференцияөткөрүлдү. Конференцияны мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору А.Д.Доранова ачып берди жана “4-декабрь күнү Кыргызстанда "Манас эпосунунүнү" майрамдалып келүүдө. Бул күн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги №259 токтомдун негизинде кабыл алынган.Бул күндү белгилөөнүн максаты –“Манас” эпосун сактоо жана жайылтуу, өлкөдө манастаанууну өнүктүрүү, манасчыларга өкмөт тарабынан колдоо көрсөтүү. Дүйнөлүк маданияттан орун алган Кыргыз элинин улуттук маданиятынын көөнөргүс байлыгы, жашоо энциклопедиясы, элдик-оозеки чыгармачылыгынын туу чокусу болгон “Манас”эпосу өзүнүн кайталангыс көркөмдүк кубаты боюнча, нечен кылымдардын кайгылуу, оор окуяларын тулку боюна сиңирип, ыймандык, философиялык мазмундуу жыйынтыктоолору боюнча, элдин тагдырын жашоо-тиричилик, жоокерчилик, үй-бүлө шарттары, ар түрдүү салт-санаа, социалдык-коомдук турмуш тарабынан кеңири жана толук камтышы боюнча, дүйнөдөгү эң сейрек кездешкен дүйнөлүк поэтиканын эстеликтеринин үлгүлөрүнө кирет. Андыктан бүгүнкү ушул майрам менен жалпы кыргыз элин куттуктаймын, элдин тынчтыгын, амандыгын, бүтүндүгүн тилеймин жана улуттук мурастарыбызды аздектеп алабыз деп терең ишенемин” – деген тилектерин айтты.

Конференциянын жүрүшүндөгү программа боюнча: ““Манас” эпосунун варианттарынын өзгөчөлүктөрү” деген темада профессор К.Б.Калчекеев,  “14 саат “Манас” эпосун айткан Дөөлөт Сыдыков” деген темада Р.Б.Исмаилов, ““Манас” эпосу кыргыздын улуттук сыймыгы” деген темада Н.Г.Шамуратовдор баяндамаларды жасашты.

Манас айтуу өнөрү жалпы журтчулукта колго алынып, алгылыктуу иштер жүруп келе жатканы жөнүндө барыбыздын кабарыбыз бар. Университетте өткөрүлүп келе жаткан кечелерде, майрамдарда, сынактарда, фестивалдарда “Манас” эпосунан үзүндү айтуу салтка айланып, Абдухалил Абдурахманов, Жоомарт Медербек уулу. Бектемир Нуриев, Жамиля Айтыкеева,  АйдайШерикбай кызы Манас айтуучулар катары таанылып келишет. Конференциянын соңунда  П-1-18 тайпасынын студентти Айдай Шерикбай кызы “Манас” эпосунун“Көкөтөйдүн ашы” бөлүгүнөн үзүндү айтып берди. Конференциянын катышуучуларынын көпчүлүк бөлүгүн түзгөн студенттер кызыгуу менен угушуп, кайра-кайра суранышып айттырышты... Мындан учурдагы инсандарыбыздын руханий баалуулуктарга муктаж экендигибизди баамдадык.

Жаша “Манас” эпосу, Манас ааламы, жаша Кыргыз элим!!!

  • “МАНАС МЕНЕН УЛУУБУЗ”
  • “МАНАС МЕНЕН УЛУУБУЗ”