AVN







СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ

СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ
 Dec 4, 2020  677

Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинин Педагогикалык жана социалдык бөлүмүнүн окутуучусу Нурматова Майрамгүл БКМб 01-20 тайпасынын студенттерине  “1-декабрь бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата, “СПИД жугуштуу илдет” аттуу куратордук саат уюштурган.

Куратордук сааттын катышуучуларына аталган илдет кандай кырдаалда адамга жугуп калуу ыктымалдуулугу айтылды.  ВИЧ/СПИД: Үч жол аркылуу гана жугушу мүмкүн жыныстык, ийне, энеден балага. Негизи, ВИЧ суюктуктар аркылуу берилет, көбүн эсе жыныстык катнаш жана кан аркылуу, колдонулган баңги ийнелеринен, кош бойлуу баладан энеге, бирок түрдүү учурлар дагы болушу толук ыктымал, алар: таза эмес медициналык куралдардан, кан куюууда, пирсинг жана татуировка жасоодо кокустук болуп кетсе, бирөөнүн сакал алгычын колдонууда.

 Биздин келечегибиз болгон жаштарга аты жаман илдет жөнүндө маалымат кеңири барип, оорудан оолак жүрүү ар бирибиздин колубузда экени бул иш чарада айтылды – дейт М. Нурматова.

Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган. Алгач "Төрт-Г" деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу (вирус) бара-бара анын кабылдоосуна (синдром) алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталганда гана Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка карата каршы күрөшүү күнүн 7 жылдан кийин жарыялаган.

  • СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ
  • СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ
  • СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ
  • СПИД ЖУГУШТУУ ИЛДЕТ