AVN







СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ

СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ
 Dec 4, 2020  631

“1-декабрь –Бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү”  күнүнө карата Табигый-техникалык факультетинин “Биология” кафедрасында университеттик деңгээлде  тарбиялык  онлайн конференция  болуп өттү. Мындай маалыматты аталган кафедранын а.ч.и.к., доценттин м.а. Бурулай Жолболдуевна билдирди.

Анын айтымында Биология кафедрасында өткөрүлгөн  “1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү” аталыштагы тарбиялык онлайн конференциясыга   биология, химия, ветеринардык медицина, электро энергетика жана механика, география   ошондой эле Жалал –Абад колледжинин студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты. Студенттер  арасында ВИЧ/СПИД жөнүндө  видео ролик жана  тартылган сүрөттөрдүн көргөзмөсү боюнча иш-чара уюштурулуп Табигый-технкалык факультети жана Жалал-Абад колледжинин студенттеринен  30дан  ашык видео ролик жана 25 сүрөт келип түшкөнүн белгиледи. Дарекке келип түшкөн видео ролик жана сүрөттөр каралып, жеңүүчүлөргө “Мыкты видео ролик даярдаганы үчүн” жана  “Мыкты сүрөт тарткандыгы үчүн” деген номинацияда диплом менен сыйланышты.   Конференциянын жүрүшүндө Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Медициналык факультетинин “Фармация жана медициналык-биологиялык дисциплиналар” кафедрасынын   х.и.к., доценттин м.а. Бакирова Аида Адилбековна “СПИД айыккыс илдет” деген темада илимий баяндама жасады  дейт  ал.

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун тарбиялык иштер боюнча проректору А.Д.Доранова “1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүү күнү” аталыштагы тарбиялык онлайн конференциясын уюштуруп жаткан уюштуруу тобуна ыраазычылык айтуу менен дүйнө жүзүндө  47 млн.  адам ВИЧ/СПИД менен жабыркаса анын ичинен 37 млн.  ушул оору менен каза болгонун белгилеп, ар бир инсан ВИЧ/СПИД инфекциясынын себептерин билиши керек дейт ал.

                “Электро энергетика жана механика”  кафедрасынын окутуучусу К. Султаналиева азыркы учурдун талабы болгон актуалдуу көйгөйлөр боюнча  көптөгөн конференцияны уюштуруп турууну айтып, биология кафедрасына ыраазычылык билдирди дейт ал.

Биология кафедрасынын  кафедра башчысы б.и.к.,доцент К.Асанова  конференция жогорку деңгээлде өткөндүгүн, конференцияга 39 катышуучу катышканын жана мындай тарбиялык конференцияларды көбүрөөк уюштурууну студенттерге көптөгөн маалыматтарды жеткирүүнү белгилеп, Биология кафедрасынын уюштуруучу тобуна ыраазычылык билдирди.

  • СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ
  • СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ
  • СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ
  • СПИД АЙЫККЫС ИЛДЕТ