AVN







БИЗ СПИДКЕ КАРШЫБЫЗ

БИЗ СПИДКЕ КАРШЫБЫЗ
 Dec 4, 2020  621

Жалал-Абад колледжинин табийгый-техникалык бөлүмүнүн окутуучулары Ч.Канкулова жана Н.Эсенгулова тарабынан 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүүнүн Эл аралык күнүнө карата “Жаштар арасында  ВИЧ   СПИД инфекциясынын алдын алуу” аталышындагы  аралыктан (онлайн) конференция жолугушуу өткөрүштү. Бул иш-чарага педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттери жана Жалал-Абад шаардык СПИД  менен күрөшүү борборунун диспансерлөө бөлүмүнүн жетекчиси  Айжан Эрмаматова  катышты.

Онлайн конференциянын  максаты: ВИЧ/СПИД ооруларынын алдын алуу, ооруга каршы пропагандоо жүргүзүү болуп саналгандыктан, адис тарабынан      ВИЧ/СПИД оорусунун таралышы, жугуу жолдору, Кыргызстан боюнча канча  жаран   ВИЧ/СПИД оорусуна чалдыкканын жана анын алдын алуу жолдору жөнүндө кеңири маалыматтар берилди.                                                Мындан сырткары,окутуучулар бул оорунун кесепети жана андан сактануу керек экендиги тууралуу маалыматтарды айтышты.Студенттер аталган тема боюнча түрдүү суроолорду беришти жана тиешелүү жоопторду ала алышты. Жыйынтыгында, Жалал-Абад шаардык СПИД  менен күрөшүү борборунун диспансерлөө бөлүмүнүн жетекчиси  Айжан Эрмаматова  студенттер тарабынан берилген суроолорго кеңири жоопторду берип, “БИЗ СПИДке каршыбыз”-деген темадагы  сүрөт сынагынын жыйынтыгын чыгарды.

  • БИЗ СПИДКЕ КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ СПИДКЕ КАРШЫБЫЗ