AVN







КУРАТОРДУК СААТ

КУРАТОРДУК СААТ
 Dec 4, 2020  829

Экономикалык-юридикалык факультетинин Юриспруденция адистигинин Юк – 1-18 тайпасында 3-декабрь ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк  камкордукка алуу күнүнө карата куратордук саат болуп өттү.

Өзгөчө төрөлгөн же болбосо ар кандай себептер менен мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган жарандарды коомчулук туура кабыл алып, аларды ар убак камкордукка алып туруу зарыл экендиги куратордук саатта айтылды.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнүн белгилөө Бириккен улуттар уюмунун генералдык ассамблеясы тарабынан демилгеленген. Алар өзүнүн 1992-жылдагы резолюциясы менен 3-декабрды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Ал эми 2006-жылдын декабрь айында БУУнун Генералдык ассамблеясы калктын аярлуу катмарынын укугун коргогон конвенцияны кабыл алган.
 

  • КУРАТОРДУК СААТ
  • КУРАТОРДУК СААТ
  • КУРАТОРДУК СААТ
  • КУРАТОРДУК СААТ
  • КУРАТОРДУК СААТ