AVN







АЛГАН КОЛ БЕРГЕН КОЛДОН ТӨМӨН ТУРАТ

АЛГАН КОЛ БЕРГЕН КОЛДОН ТӨМӨН ТУРАТ
 Dec 8, 2017  949

ЖАМУнун студенттери паракорчулукка каршы күрөшүү Эл аралык күнүнө карата жөө жүрүшкө чыгышты. Жүрүш облусттук прокуратура кызматкерлери менен биргеликте, 7-декабрь күнү орун алды.

Жаштар “Коррупцияга жол жок!”, “Жаштар коррупцияга каршы!” жана башка лозунгдар жазылган плакаттарды көтөрүп, шаардын борбордук көчөлөрүн кыдырып чыгышты.

Ошондой эле Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Юриспруденция” адистигинин профессордук-окутуучулук курамы жагымсыз жагдайлар менен күрөшүү максатында “Коррупцияны биз бирге жеңебиз” темасынын алкагында тегерек үстөл уюштурушкан.

Тегерек үстөл Жалал-Абад облустук укук коргоо кызматкерлеринин жана аталган адистиктин студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү.

Уюштуруучулардын айтымында паракорчулук учурдун эн негизги көйгөйү катары каралып, күрөшүүлөр күч алып жаткан кези. Антсе да жемкорлордун аягы суюлбай жатканы өкүнүчтүү. Алган кол берген колдон төмөн турат. Андыктан төмөн болбой бийик бололу деген ойлорун билдиришти.