AVN







БИЗ БИРГЕБИЗ

БИЗ БИРГЕБИЗ
 Dec 3, 2020  513

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун жалпы жамааты Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинин тарбиялануучуларын 3-декабрь – “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө” карата 15000 сомдон ашык акчалай жардам көрсөттү.

 “Биз биргебиз” аттуу акциясынын алкагында ЖАМУнун СИ жан МТ боюнча проректору А.Д.Доранова аталган мекемеге барып, 4000 сом акчалай каражат ыйгаруу менен куттуктоо сөзүн айтты. “Жараткандын жакшы көргөн инсандары тагдырдын сыноосуна сынбай, келечектин мыкты инсандары болгула деп тилек кылабыз. Оорубагыла, өмүрүңөр узун болсун, ооруган оорулуу эмес, аны баккан оорулуу деген сөз бар андыктан бул жердин тарбиячыларына жалпы жамаатына бекем ден соолук, иштерине ийгилик каалайбыз”.

Жалал-Абад колледжинин жалпы жамаатынын атынан директордун орун басары Абубакир Маматумаров Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесине барып ооруканасында тарбияланып жаткан балдардан кабар алып, он бир миң бир жүз сом (11100сом) акчалай каражат ыйгарышты.

Ал жерде тарбияланып жаткан балдар келген конокторго бийлеп, ырдап, өз кол эмгектери менен жасаган буюмдарын  тарттуулашты.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө орточо эсеп менен 1 миллиарддан ашык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар экени БУУнун статистикасында жазылган. Бул дүйнө калкынын 15 пайызы болот.

  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ
  • БИЗ БИРГЕБИЗ