AVN







ПЕДАГОГИКА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКСЫНДАГЫ ЖЫЙНАЛЫШ

ПЕДАГОГИКА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКСЫНДАГЫ  ЖЫЙНАЛЫШ
 Dec 2, 2020  521

Жалал-Абад колледжинин Педагогика жана социалдык иштер бөлүмүнүн педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын кезектеги  жыйналышы аралыктан (онлайн) өткөрүлдү. Мында  педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын башчысы С.А.Тобокелова студенттердин сабакка катышуу, жетишүүсү боюнча кураторлор менен пикир алмашты жана бардык бюджеттик жана контракттык тайпаларга  график боюнча пландалган ачык сабактардын өтүлүшү, аларга окутуучулардын, студенттердин катышуусу, аралыктан (онлайн) өтүлүп жаткан сабактардын жыйынтыгы боюнча  ПЦКдагы окутуучулар ой пикирлерин айтышты.

Ошондой эле 23-ноябрдан педагогикалык практикага чыккан  башталгыч класстарда окутуу адистигинин 3-курстун студенттери үчүн дагы телеграмм тиркемесинен атайын группалар ачылып, студенттер менен практика жетекчилеринин иш-аракеттери болуп жаткандыгы да баса белгиленди.

Пеадагогика жана кыргыз тили ПЦКсындагы бардык окутуучулар avn порталы аркылуу студенттерге тапшырмаларды берүү менен гана чектелбестен, өздөрү өтүп жаткан предметтери боюнча видео сабактарды даярдашып, алар жөнөткөн тапшырмаларды текшерип жана ар бир өтүлгөн лекциялык жана практикалык темалар үчүн студенттер тарабынан кайтарым байланыштар жасалып жаткандыгын, ал кайтарым байланыштар жана видео сабактар Жалал-Абад колледжинин  ютуб каналына жүктөлүп жаткандыгын белгилешти.

Айрым учурдагы техникалык мүчүлүштүктөргө карабастан, окутуучулар студенттерге  аралыктан (онлайн) билим берүүдө болгон күч аракетин жумшоодо. Мындан сырткары, ар бир окутуучу “zoom” тиркемеси менен өткөн сабагынын ссылкасын   “келбил” тиркемесине өз убагында  жүктөп туруу керек экендиги эскертилди. Жыйынтыгында, аралыктан окутуудагы  ийгиликтер жана кемчиликтер, ачык сабактардын өтүлүшүндөгү жагдайлар тууралуу  кеңири пикир алмашуулар болду.

  • ПЕДАГОГИКА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКСЫНДАГЫ  ЖЫЙНАЛЫШ
  • ПЕДАГОГИКА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКСЫНДАГЫ  ЖЫЙНАЛЫШ
  • ПЕДАГОГИКА ЖАНА КЫРГЫЗ ТИЛИ ПЦКСЫНДАГЫ  ЖЫЙНАЛЫШ