AVN







“ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”

“ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
 Dec 1, 2020  838

Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ №231.  2017-жылдын 26-октябрындагы “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү жөнүндөгү” жарлыгынын алкагында, КРнын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн  аппаратынын аппаратынын 2019-жылдын 1-ноябрындагы №04 -07/3060 сандуу катынын негизинде  медициналык колледжинде 2020-жылдын ноябрь айында “Өмүрү өрнөк инсандарды эскерүү”  аталышындагы бир айлык иш-чаралар уюштурулуп, кураторлор, студенттер арасында өткөрүлдү. “Өмүрү өрнөк инсандарды эскерүү” аталышындагы иш-чарада Турдакун Усубалиев, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Дооронбек Садырбаев, Чынгыз Айтматов, Бекмамат Осмонов, Сүймөнкул Чокморов, Узакбай Абдукаимов, Жусуп Абдрахманов,  Саякбай Каралаев, Сагынбай Орозбеков, Жусуп Мамай, Бүбүсара Бейшеналиева, Бакен Кыдыкеева, Токтогул Сатылганов, Эргеш Алиев, Гапар Айтиев, Курманжан Датка, Алымбек Датка, Апсамат Масалиев Абдылас Малдыбаев, Мырзакул Болуш, Таттыбүбү Турсунбаева, Болот Минжылкыев, Төлөмүш Океевдер жөнүндө эскеришип, “Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” дегендей алардын кыргыз маданиятына жана коомго кошкон салымдары, кылган эмгектери эскерилип,   видеороликтерди жасашып, куратордук сабактарды өтүштү. Иш-чаралар зуумдан жана ватсап аркылуу өтүлдү. Иш-чаралар медициналык колледжинин тарбия иштери боюнча директордун орун басары  Г.Темирбаева тарабынан уюшулуп, жыйынтыгы чыгарылды. Студенттерди париоттуулукка, мекенди сүйүүгө, ыймандуулукка, тарыхка болгон кызыгуусун артыруу максатында өткөрүлдү. Куратордук сабактарды өтүүдө бардык кураторлор активдүү катышышты, кураторлордун ичинен өзгөчө белгилеп өтүүчү кураторлор Казакова Р, Алимбаева Г, Нурматова С, Болотова Д, Мамасадыкова А, Аттокурова З, Сайдазимова Б, Бекболотова Э, Бакалаева Л, Садирбек кызы Э, Жоошбаева Ж, Куратордук сааттар ZOOM, ватсап аркылуу өткөрүлүп, Ютуп, Фейзбук, истанграм сайттарына  жүктөлдү.

  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”
  • “ӨМҮРҮ ӨРНӨК ИНСАНДАРДЫ ЭСКЕРҮҮ”