AVN







ВИРТУАЛДЫК АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК

ВИРТУАЛДЫК АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК
 Dec 1, 2020  505

Виртуалдык академиялык мобилдүүлүктүү өнүктүрүү жана жайылтуу максатында эл аралык онлайн конференциялар уюштурулуп жатат. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети менен өнөктөш окуу жай Тюмен индустриалдык университети тарабынан уюштурулган "КМШ өлкөлөрүнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн бирдиктүү мейкиндигин калыптандыруу көйгөйлөрү (КМШ-2020)" аттуу эл аралык онлайн конференциясы болуп өттү.

Конференцияга биздин окуу жайдан өкүлдөр катышышты. ЖАМУнун сапат бөлүмүнүн  башчысы Токоева Гулдана Самидиновна катышып биздин окуу жайдын атынан сөз сүйлөдү.

 Кийинки кышкы окуу семестринде виртуалдык академиялык мобилдүүлүк тажрыйба алмашуулар жана окуулар тааныштырылууда.