AVN







САБАКТАРГА АРАЛЫКТАН ӨЗ АРА КАТЫШУУ

САБАКТАРГА АРАЛЫКТАН ӨЗ АРА КАТЫШУУ
 Dec 1, 2020  892

Пандемия шарттарында аралыктан окутуудагы тоскоолдуктарга карабастан Тарых кафедрасы окутуу жараянындагы өзүнүн салтык иш-чараларын мүмкүн болушунча аткарып келүүдө.  Алардын бири катары  азыркы шарттарда окутуучулардын сабактарга ZOOMдун жардамы менен аралыктан өз ара катышуу саамалыгын белгилөөгө болот. Бул биринчи кезекте студенттер үчүн учурдагы окутуу технологияларынын арасынан бир топ майнаптуу болсо, экинчиден окутуучулардын тажрыйба алмашуусу үчүн да пайдалуу болду десек болот.  

Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай адатта салттык сабактарга өз ара катышуу иш-чарасында айрым гана окутуучулар катышууну каалашкан болсо, мындай шартта окутуучуларөздөрүнүн  бош убактарында каалаган окутуучунун сабактарына катышууга мүмкүнчүлүк ала алышат. Башкача айтканда ZOOMдагы сабактарда «ачык эшиктер саясаты» жүрөт.  

Жетекчилик тарабынан көзөмөлдөөгө да шарт түзүлгөндүгүн көрүүгө болот. Тарых кафедрасынын окутуучулары мындай саамалыкты кош колдоп колдошуп активдүү катышышты. Төмөнкү тайпаларда өтүлгөн сабактарга окутуучулар катышып, жыйынтыгында сабактарга анализ берүү, пикир алмашуулар орун алды.

  • САБАКТАРГА АРАЛЫКТАН ӨЗ АРА КАТЫШУУ
  • САБАКТАРГА АРАЛЫКТАН ӨЗ АРА КАТЫШУУ