AVN







ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН

ЫРДАЙЛЫ КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫН
 Dec 7, 2017  1173

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 6-декабрь күнү “Ырдайлы кыргыз ырларын” аттуу маданий кароо-сынагы болду. Ага чет элден келип билим алып жаткан студенттер катышып, таланттарын тартуулашты. Ыр майрам филология факултети тарабынан уюшулуп, мугалимдер жана студенттер күбө болушту.

Уюштуруучулардын билдирүүсүндө  жогорудагы иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү” Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 28 жылдыгына карата, ошондой эле мамлекеттик тилдин 3 айлыгына арналып уюшулду.

Маданият аркылуу улуу тилибиздин өнүгүүсүнө салым кошо алабыз. Ал эми ырларыбызда кыргыз элинин пейили, каада-салты, жерибиздин кооздугу  жана элибиздин улуулугу камтылган. Андыктан башка улуттун жарандары биздин ырларды үйрөнүп, аткаруу менен биздин дилибизди түшүнө алышат деген ойдо ыр майрам турмушка ашырылганын кошумчалашты.