AVN

“МЕН ӨМҮР САКЧЫСЫ БОЛУУНУ ТАНДАДЫМ-2020”

“МЕН ӨМҮР САКЧЫСЫ БОЛУУНУ ТАНДАДЫМ-2020”
 Nov 28, 2020  528

Медициналык колледжинде онлайн түрдө “Мен өмүр сакчысы болууну тандадым-2020”  аталышындагы 1-курсттарды кабыл алуу аземи болуп өттү. Иш-чара  колледждин тарбия иштери боюнча директордун орун басары Г.Темирбаева жана жаштар комитети тарабынан  уюштурулган. Кабыл алуу аземинде ЖАМУнун гимни ырдалып,  Жалал-Абад мамлекеттик университети жана медициналык колледжи жөнүндө видеороликтер көрсөтүлдү.

Кабыл алуу кечесинде колледждин директору, доцент А.Д.Эгембердиева өз сөзүндө  медициналык колледжинде  “Медайымдык иш”, “Акушердик иш”, “Фармация”, “Дарылоо иши” адистиктери боюнча окуу процессинин жүрүшүндө билим берүүнүн сапаты мыкты,  тынымсыз маданий иш-чаралар өткөрүлүп турат,  материалдык-техникалык базасы азыркы талапка жооп берерин айтып, санариптештирүү процесси жакшы жолго коюлганын, модул, экзамендерди АВН системасы менен алынаарын толук айтып өттү.  Ушул пандемияга байланыштуу кабыл алуу кечеси онлайн өтүп жатат. 1-курсттун студенттери биздин колледжди туура тандагансыңар,  студенттерди биздин окуу жайды тандагандары үчүн ыраазычылыгын билдирип, студенттерди майрамы менен чын жүрөктөн  куттуктап өттү.

 Куттуктоо сөзүнө практика боюнча директордун орун басары Ж.Сайранбаев, бөлүм башчылар С.Термечикова, А.Ормогоева, кураторлор Д.Болотова, Садирбек кызы Э, Г.Калымбетовалар чыгышып, өздөрүнүн жакшы каалоо тилектерини айтышты, 1-курсттардын окууларына ийгилик каалап өтүштү.

Студенттер арасынан куттуктоо сөзүнө Акылбек кызы Салима чыгып, бүгүнкү кырдаалга байланыштуу аралыктан окуп жаткан бардык группалаштарын, курсташтарын майрамы менен куттуктап, жакшы каалоо тилектерин айтып, студенттердин окууларына ийгиликтерди каалап өттү.  Салттуу окуу эртерээк ачылып,  медициналык колледжге  келип окутуучулар жана студенттер менен бет маңдай отуруп баарлашканын сагынганын айтты.

 Кабыл алуу кечесинде  1-курсттун студенттери өздөрүнүн тандап алган адистиктери боюнча “Ант” беришти. Концеттик программада Дайырбек уулу Баяман гитаранын коштосунда “Окуучулук күндөр”, “Кыргызстан” жөнүндө ырларды  ырдап,  курстташтарын  куттуктады.

  • “МЕН ӨМҮР САКЧЫСЫ БОЛУУНУ ТАНДАДЫМ-2020”