AVN







БААЛОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ФОНДУ

БААЛОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ФОНДУ
 Nov 25, 2020  772

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун    Жалал-Абад  колледжинин окутуучулары  үчүн “Баалоо каражаттарынын фонду” темасында ЖАКтын окутуучусу Нурматова Майрамгул Нарбековна тарабынан zoom платформасында вебинар уюштурулуп, 23-ноябрь күнү окутуучулардын катышуусу менен өткөрүлдү.

Вебинардын максаты:

-Баалоо каражаттары, алардын колдонулушунун маанисин билишет.

- Окутулуучу дисциплина боюнча баалоо каражаттарынын фонду – компетенциялардын калыптануу деңгээлин аныктоого мүмкүнчүлүк түзүп берээрин түшүнүшөт.

-Баалоо каражаттарын түзүүгө, пайдаланууга байланыштуу суроолорго карата тапшырмаларды аткарышат

Вебинардын жүрүшүндө 24 окутуучу катышышып, алар 4 сессиялык залдарга бөлүнүп тапшырмаларды талкуулашты, jamboard интерактивдик доскасынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сессиялык залдарда жүз ачаар даярдашты, кайра жалпы талкууга катышышты.  Жалал-Абад коллджинде бөлүмдөр арасында “Аралыктан окутууда окутуучулардын , студенттердин табылгасы жана жетише албай жаткан жактары” видео семинар-талкуу уюштурулду.

  • БААЛОО КАРАЖАТТАРЫНЫН ФОНДУ