AVN

ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ

ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ
 Nov 25, 2020  632

Үстүбүздөгү жылдын19-октябрынан Табигый-илимий билим  берүү багытынын Химия профилинин студенттери 10 жумалык кесиптик-профилдик практикасын Жалал-Абад шаарында жана Жалал-Абад областынын мектептеринде онлайн форматында  өтөп келишүүдө.

Студенттердин кесиптик-профилдик практикасынын жүрүшүнүн абалы жөнүндө 20-ноябрда Химия кафедрасында атайын конференция уюштурулду. Конференцияда студенттердин бир ай аралыгында жүргүзүп жаткан иштеринин аралык отчеттору угулду.

Конференцияга аталган тайпанын студенттери, Химия кафедрасынын окутуучулары  катышышып, онлайн практиканын жүрүшү, андагы алгылыктуу жумуштар, окуучулар менен болгон кайтарым байланыштарды, көйгөйлүү маселелерди ортого салышып, анын чечүүнүн жолдору боюнча өз сунуштарын айтышты.

Айрыкча практиканын жүрүшү боюнча өзүнүн ойлору менен Ноокен районунун №6-Арал орто мектебинде практикасын өтөп жүргөн Алиева Айгеримдин, ушул эле райондогу №8-орто мектебиндеги  Абдумиталипова Шайыргүлдүн, Базар-Коргон районундагы №3-Бабур гимназиясындагы Абдувахабова Шайыргүлдүн, Жалал-Абад шаарындагы С.Давлетов атындагы №14 инновациялык лицей мектебиндеги Маданбекова Нурэлдин жана ушул эле мектептеги Эркинбек кызы Гулнурдун практика мезгилинде жүргүзүп жаткан иштеринин отчеттору угулуп, суроо- жооптор менен талкууга алынды.

Ушундай аралык отчетту алар тайпаларга бөлүнүү менен  кезектешип өткөрүп турушмакчы.

  • ХИМИКТЕРДИН КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАСЫНЫН АРАЛЫК ОТЧЕТУ ТАЛКУУЛАНДЫ