AVN







Башталгыч класстарда окутуу адистигинин педагогикалык практикага жөнөтүү конференциясы

Башталгыч класстарда окутуу адистигинин педагогикалык практикага  жөнөтүү конференциясы
 Nov 25, 2020  606

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Жалал-Абад колледжинин педагогикалык жана социалдык иштер  бөлүмүнүн “Башталгыч  класстарда окутуу” адистигинин студенттери үчүн   педагогикалык практикасынын жөнөтүү конференциясы кырдаалга байланыштуу “zoom”тиркемесинин жардамы менен аралыктан(онлайн)   уюштурулду.Аралыктан өткорүлгөн конференциягаБ.Осмонов атындагы ЖАМУнун практика жана карьера бөлүмүнүн  жетектөөчү адиси Н.С.Жолдошалиева, Жалал-Абад колледжинин  өндүрүштүк практика   иштери боюнча директордун орун басары Кайкыева Ү.Т.,педагогикалык жана социалдык иштер бөлүмүнүн башчысы Салибаева К.П, педагогика жана кыргыз тили ПЦКсынын башчысы Тобокелова С.А., практика  жетекчилери жана студенттер  катышты.

Кырдаалга байланыштуу айрым мектептерде салттуу,ал эми кээ бир мектептерде  сабактар аралыктан(онлайн) болуп жаткандыгына байланыштуу,студенттер оздөрү жашаган аймактардагы мектептерге  бөлүштүрүлдү.Конференцияга катышкан бардык студенттер техника коопсуздук жана санитардык –гигеналык эрежелер менен тааныштырылды.

Конференциянын жүрүшүндө   практика жетекчилери студенттерге педагогикалык практиканын максат,милдеттерин,жол карта боюнча күндөлүктүн жазылышын,план-конспектилерди жазуудагы талаптар боюнча толук жана кеңири маалыматтарды беришти.Студенттер педагогокалык практика боюнча түшүнбөгөн суроолорна жетекчилер тарабынан жоопторду алышты.Жыйынтыгында ар бир практика жетекчилери студенттер менен практика учурунда тыгыз иш алып барышып,усулдук кеңештерин айта тургандыгын баса белгилешти жана студенттерге педагогикалык практикасына ийгиликтерди каалашты.

  • Башталгыч класстарда окутуу адистигинин педагогикалык практикага  жөнөтүү конференциясы
  • Башталгыч класстарда окутуу адистигинин педагогикалык практикага  жөнөтүү конференциясы