AVN







ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ

ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
 Nov 25, 2020  685

2020-жылдын 21-ноябрында «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жылына карата Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Экономика, эсеп жана каржы кафедрасы тарабынан факультеттин деңгээлинде уюштурулган «Илим жана студент» аталышындагы студенттердин илимий-практикалык онлайн конференциясы болуп өттү. Онлайн конференцияга окутуучулар жана студенттер катышып, расмий ачылышы ЖАМУ нун Экономикалык-юридикалык факультетинин деканы, э.и.д., профессор А.К.Аскарованын куттуктоо сөзү менен коштолду. Андан кийин “Экономика, эсеп жана каржы” кафедрасынын башчысы А.З.Зулпукаров сөзгө чыгып, өздөрүнүн куттуктоолорун арноо менен катышуучуларга ийгилик каалап өтүштү.

Илимий баяндамалар жаатында жалпысы түрдүү адистиктердеги 10 студенттердин илимий макалалары баяндама жасалып, кызуу талкууга алынды. Калган илимий эмгектердин талкуулары тиешелүү секциялардын ишинин жүрүшүндө жарыяланды.

Талкуунун соңунда жыйынтык чыгарылып, мыкты макалалары үчүн төмөнкү студенттер сыйлыкка ээ болушту: ФКк1-17 тайпасынын студенти Мамасалиева – 1-даражадагы диплом менен, ФКк-1-19 тайпасынын студенти Салиева Алия жана Фкк-1-17 тайпасынын студенти Нурланов Медер – 2-даражадагы дипломдор менен,ал эми БЭк-1-20 тайпасынын студенти Абдималик кызы Бурулай менен ФКк-1-19 тайпасынын студенти Таалайбек кызы Гулзина 3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Ийгилигиңидер кут болсун, урматтуу студенттер! Илимди багындыруу жолунда талыкпастан эмгектене берүүңүздөргө тилектешпиз!

  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ
  • ИЛИМ ЖАНА СТУДЕНТ