AVN







МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
 Nov 23, 2020  695

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору т.и.д.. профессор К.Ж.Усеновдун 2020-жылдын 28-октябрындагы “2019-20-жылдын окуу жылында “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргызстандын географиясы” боюнча дисциплиналар аралык жыйынтыктоочу аттестациялоону аралыктан өткөрүүнү уюштуруу” жөнүндөгү №32 буйругунун негизинде, 2019-2020 окуу жылындагы 2-курстары үчүн  Мамлекеттик аттестацияны аралыктан онлайн түрдө өткөрүү боюнча Таш-Көмүр инженердик педагогикалык факультетинде төмөнкү иштер аткарылды:

- Дисциплиналар аралык Мамлекеттик сынакты тапшыруу үчүн студенттердин тизмеси такталды;

- Окуу бөлүмү тарабынан Мамлекеттик аттестацияны өткөрүү графиктери түзүлдү;

- “Кыргыз тили жана адабияты”, “Кыргызстандын тарыхы”, “Кыргызстандын географиясы”  дисциплиналарынан Мамлекеттик сынактын суроолору жана жадыбалдын негизинде студенттер үчүн ZOOM платформасы аркылуу баяндама лекция, консультациялар уюштурулду;

- Түзүлгөн графиктин негизинде 2020-жылдын 16-ноябарынан 21-ноябрына чейин дисциплиналар аралык Мамлекеттик сынактар өткөрүлдү. Мамлекеттик сынакrа комиссиянын толук курамы катышып, студенттерди каттоо ZOOM платформасында видео-конференциясы аркылуу уюштурулду жана сынакты тапшыруу тестирлөө жолу менен АВН билим берүү порталынын avn.tipf.kg дареги аркылуу жүргүзүлдү.

Факультет боюнча дисциплиналар аралык Мамлекеттик сынакты 153 студент ийгиликтүү тапшырышты.

  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ
  • МАМЛЕКЕТТИК СЫНАКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ