AVN







МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
 Nov 23, 2020  510

Тарых кафедрасы тарабынан Социалдык-экономикалык билим берүү багытынын Тарых профилинин  Т-1-17 тайпасынын студенттеринин Музей-архивдик практикасын жыйынтыктоо конференциясы болуп өттү. Аралыктан өткөрүлгөн жыйынтыктоочу конференцияга  практика жетекчилери болушкан кафедра мүчөлөрү Э. Авазов, Г. Анарбаева, Ш. Атабекова, М.Умарова жана  тайпанын студенттери, университеттин практика башчысы Н. Жолдошалиевалар катышышты.

Конференцияда Тарых кафедрасынын практика боюнча жооптуусу доцент К.А. Халматов модераторлук милдетти аткарды. Алгач ал  пандемия шартындагы практиканы уюштуруунун, студенттерди музей-архивдик мекемелерге бөлүштүрүүнүн жана практика өтөөнүн өзгөчөлүктөрүнө токтолду. Түзүлгөн шартка байланыштуу студенттер өздөрү жашаган аймактардагы музей-архивдик мекемелерде практикага бөлүштүрүлгөндүгүн белгиледи.

Конференция алдын ала маалымдалган программа боюнча алып барылды. Студенттер  практика учурундагы аткарган иштери,  жетекчилери менен    иш алып баруулары, тарыхый-маданий эстеликтерге жасаган саякаттары тууралуу маалыматтар менен бөлүшүштү. Алардын арасында А. Султанова, А.Топчубекаова, А. Раззак уулу,. Л. Эрбаева,  З. Чимбердиевалар   маалыматтарды беришти. Шартка байланыштуу студенттер даярдаган фото-видео материалдар топтомун ролик катары даярдоо милдеттендирилди. Салттык практикага караганда  практика өтөөчү мекемелер дээрлик областтын аймагын камтыгандыгы,  студенттердин жер жерлердеги музей обьектилери менен таанышкандыктары, пандемия шарттарындагы санитардык талаптардын жетекчилилкке алынышы быйылкы практиканын өзгөчөлүгү болду десек болот. Практика жетекчиси Н. Жолдошалиева да суроолорго жоопторду алып, өз ойлору менен бөлүштү жана түзүлгөн шартка карабастан практика тиешелүү денгээлде өткөндүгүн белгиледи.

  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ