AVN







МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ

МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
 Dec 7, 2017  1067

ЖАМУнун чоң жыйындар залында 5-декабрда  медицина факултеттин окутуучуларынын ыр кесеси болуп өттү. Ага Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер күбө болду.

Жогорудагы ыр майрам “Ыйман, адеп жана маданият” жылынын алкагында уюшулган. Анда мугалимдер ырдап, бийлеп жана кыргыздын каада-салтына тиешелүү салттарды сахналаштырып аткарышты. Ошондой эле сөз баккан элибиздин таамай айтылган макал-лакаптарын да айтышты.

Ыр кесенин жүрүшүндө анын көркүнө көрк кошкон программа учурдун көйгөйү болуп жаткан паркорчулукту чагындырган спектакль болду. Анда ыйлап турган адилеттүүлүктүн бар экенин көргөзүп, бирөөнүн акысын жебөөгө үндөгөн чыгарма орун алган.

  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ
  • МЕДФАКТАГЫ ЫР КЕСЕ